Коалициянын өкүлү, полковник Стив Уорен Ирактын аталган топ басып алган жерлердин 40 пайызы, Сирияда 20 пайызы кайра алынганын жарыялады. Уоррендин айтуусунда, азыр террордук топ коргонуу аракетине өттү.
Аба соккуларынын жардамы менен күрд ыктыярдуу аскерлери Ирактын түндүгүндөгү Синжар дубанынан жана башка райондордон, Түркия менен чектеш аймактардан согушкерлерди сүрүп чыгарды. Ирактын борбордук бөлүгүндө өкмөттүк күчтөр шииттердин отряддары менен биргеликте Тикрит шаарын ээледи. Өткөн айдын этегинде Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарындагы согушкерлердин үстүнөн болгон жеңиш эң чоң ийгилик катары бааланды. Полковник Стив Уоррен мунун баары террорчу уюм барган сайын алсырап баратканын далилдеп жатканын, май айынан бери алардын жаңы аймактарды басып алуу аракетинен майнап чыкпаганын айтты.
Ушул тапта Сириянын бир катар бөлүгү жана Ирактын түндүк-батышындагы райондор дале “Ислам мамлекети” уюмунун көзөмөлүндө турат. Анын ичинде Ирактагы экинчи чоң калаа деп эсептелинген Мосул шаары да бар.