Ссылки доступа

Былтыр мигранттар Кыргызстанга 3 эсе аз акча которду


2015-жылдын январь-ноябрь айларында мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 417,9 миллион доллар которушкан.

Бул 2014-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 26,7 пайызга аз. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызмат маалымдады. Акча которуулардын 92 пайызы Орусиядан келет, калганы Казакстан, АКШ жана башка чет элдик өлкөлөргө таандык.

Серепчилер төмөндөөгө Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктар жана рублдин наркынын ылдыйлашы түрткү болгонун белгилешүүдө. 2015-жылдын декабрь айындагы БУУнун баяндамасында дүйнөдөгү акча которуулардын көлөмү боюнча Кыргызстан Тажикстандан кийинки, 2-орунда турары маалымдалган. Кыргыз мигранттарынын акчалары ИДПнын 32 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG