Ссылки доступа

Индия консулдугунун алдында операция аяктады


Ооган бийлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Индиянын консулдугуна кол салгандардын мизин кайтаруу боюнча операция аяктап, согушкерлердин баары жок кылынганын билдирди.

Мазари-Шариф шаарындагы операцияны жетектеген Балх провинциясынын губернатору Атта Мохаммад Нур кечээ кечинде бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Жергиликтүү полициянын башчысы Сайед Камал Садат бир күндөн ашык убакытка созулган операция соңуна чыкканын ырастады. Анын айтуусунда, чабуул жасаган 4 согушкер өлтүрүлдү.

3-январда бир нече адамдан турган террорчулар Мазари-Шарифтеги Индиянын консулдугуна кирүүгө аракеттенген. Аларды жок кылуу боюнча операция башталып, өкмөттүк күчтөрдөн кеминде эки аскер мерт кеткени кабарланды. Үч карапайым жаран жана алты аскер жараат алып ооруканага түштү.

Ооганстандагы Индиянын консулдугуна кол салуу үчүн жоопкерчиликти азыр эч ким өз моюнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG