Укук коргоочулар бул жаатта Орусиянын 17 аймагында изилдөө жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында зомбулук көп катталгандардын көч башында Москва шаары турары белгилүү болгон. Кийинки орунга Петербург илинген.
Ошондой эле Москва, Самара, Новосибирь облустарында да ксенофобияга байланышкан кылмыштуулук жогору экени, Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмүнөн баргандар көп кол салууга кабылары аныкталган. "Сова" укук коргоо борбору Орусиядагы ксенофобия, улутчулдук жана диний жек көрүү көйгөйүн иликтейт.