Ссылки доступа

 Кыргызстан Казакстандан чукул түрдө электр энергиясын сатып алат


Toktogul GES
Toktogul GES

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевдин энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен 30-декабрда курган жыйынында айтылды.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев билдиргендей,Кыргызстан Казакстан менен электр жарыгын сатып алуу боюнча сүйлөшүп жатат. Жакын арада бир чечим кабыл алынат.

28-декабрда Токтогул ГЭСинде авариялык жагдайдан улам эки генератор өчүрүлгөн. Буга байланыштуу 2-январдан тарта өлкө боюнча электр энергиясына чектөө киргизип, 235 мегаватт-сааттан ашырбоо чечими кабыл алынды.

ГЭСтеги оңдоо иштерине чет элден адистер чакырылган. Түзөтүү болжол менен 15-январда аяктайт.

XS
SM
MD
LG