Мекеменин басма сөз катчы Ануар Жайнаков кармалгандар Мединадагы Ислам университетинин студенттери экенин казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлады.
Буга чейин Al-Jazeera гезити 5 казак жараны кармалганын жазып чыккан. Азыркы учурда Сауд Арабиядагы Казакстан элчилиги бул маалыматты тактап жатат. Аталган өлкө дагы эки жарандын кармалганы тууралуу расмий кабарлай элек.