Ссылки доступа

Дүйшөмбүнүн аба майданында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Тажикстандын башкалаасындагы аба майданда жаңы эрежелердин иштей баштаганына бир ай болду.

Ага ылайык, узатуучулар жана тосуп алуучулар күтүү залына киргизилбей жатат. Алар суукта сыртта күтүүгө жана узатууга аргасыз.

Жергиликтүү тургундар теракт коркунучу жогору болгон башка мамлекеттерде да мындай тажрыйба колдонулбай турганын айтышып, нааразы болууда. Жаңы тартип жүргүнчүлөр менен аларды узатып жана тосуп алуучулардын арасында тынчсыздануу жараты.

Дүйшөмбү эл аралык аба майданынын өкүлдөрү коопсуздук боюнча жаңы жоболорду тастыктады. “Тажик Эйр” аба компаниясынын басма сөз катчысы Мунаввар Муллочаев бул чечимди жүргүнчүлордүн коопсуздугун коргоо менен байланыштырып, ар кандай кырсыктардын алдын алуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG