Анын айтымында, бир катар эксперттер валюта базары тууралуу пессимисттик божомолдорду билдирип жатышат.
“Казакстанда теңгенин наркы 2 эсе түштү. Орусияда рублге байланыштуу абал көңүл жылытпайт. Бизде сомдун долларга карата катышы жыл башында 59 сом болчу, азыр 75 сомго чыкты. Демек, кыргыз сому 2 эсе төмөндөгөн жок. Серепчилер улуттук валюта каатчылыкка учурады деп туура эмес жоромолдошууда. 1997-жылдан тартып сомду интервенция аркылуу колдоп келе жатабыз”, - деди Атамбаев.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, жыл башынан бери доллар кескин жогорулап 29 пайызга өстү.