Ссылки доступа

Стамбул аба майданындагы жардыруудан бир адам мерт кетти


Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" атындагы аба майданда шаршембиге оогон түнү жардыруу болгон.

Андан учакты тазалап, жыйнап жаткан маалда эки кызматкер жабыр тартып, ооруканага жеткирилген. Алардын бири өзүнө келбей көз жумду.

Окуянын чоо-жайы азырынча аныктала элек. Коопсуздук катуу көзөмөлдөнүүдө. Аба майдан ушул тапта демейкидей эле иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG