Алардын басымдуу бөлүгү деңиз менен Түркия аркылуу Грецияга өткөндөр.
Эки уюмдун биргелешкен билдирүүсүндө качкындардын жарымынан көбүн сириялыктар, 20 пайызын оогандыктар, ал эми 7 пайызын ирактыктар түзөөрү айтылат.
Маалыматка ылайык, качкындардын үч миңден ашыгы жолдо набыт болгон.
Эл аралык миграция уюму билдиргендей, бул сандар Евробиримдиктин алты өлкөсү: Греция, Болгария, Италия, Испания, Мальта жана Кипр аркылуу киргендерди камтыйт.