Каржы министри Бакыт Султановдун айтуусунда, бул каражат мамлекеттин социалдык милдеттерин, стратегиялык максаттарын аткарууга, экономиканы колдоого жумшалат.
Насыя беш жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Анын үч жылында карызды жеңилдетилген шартта төлөө макулдашылды.
Казак тарап азыркы экономикалык каатчылык учурунда Азия өнүктүрүү банкынын карыз бергени маанилүү экенин белгилөөдө.