Ал жакында күч органдарындагы кыйноо фактыларын ачыкка чыгаргандан соң суракка чакырылган. 28-сентябрда анын кеңсесинен “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөлөрүнө байланышкан документтер табылып, камакка алынган.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги кылмыш иш жашыруун деген жүйө менен Ёровго коюлган айыптар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Адвокат жаңы айыптардын коюлушуна макул эместигин тергөө абагында туугандары менен жолугушканда билдирген.