Ссылки доступа

Мунайдын баасы арзандоодо


Brent үлгүсүндөгү кара майдын баасы кечээ кескин арзандап, бир баррели 36 доллар 35 центке түштү.

Бул көрсөткүч акыркы 11 жылдан берки эң төмөн нарк деп бааланууда. Ал эми АКШнын Техас штатында өндүрүлгөн мунай 34 доллар 74 цент болду.

Баанын ылдыйлашына өндүрүштүн көбөйгөнү жана суроо-талаптын азайышы себеп экени айтылууда.

Декабрдын башында Brent мунайына болгон суроо-талап 19 пайыз төмөндөгөн. Байкоочулар Ирандын кара майынын дүйнөлүк базарга чыгышы, Ливия мунайынын экспортунун кеңейиши жана америкалык мунайды экспорттоого салынган тыюунун жокко чыгарылышынан улам баа дагы арзандай турганын болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG