Евробиримдик Орусия Украинанын чыгышындагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Минск келишинин шарттарын жетишерлик аткарган жок деп эсептеп, Москва жикчилдерди активдүү колдоп жатканын белгилейт. Бирок Орусия муну кескин четке кагууда.
Чектөөлөр энергетика жана банк тармагына, ошондой эле Орусиянын куралдуу өндүрүшүнө тиешелүү.
Буга чейин Орусияга каршы санкциялардын максаттуулугу туурасында Италия бир нече ирет шектенүүсүн билдирген. Бирок ал Евробиримдиктеги көпчүлүктүн таасиринен улам азыркы чечимге кошулду.