Ссылки доступа

Орусияда чет элдик жумушчуларга квота азайды


2016-жылы чет элдик жумушчуларга квота 22 пайызга кыскартыла турганы орус өкмөтүнүн Twitter'деги баракчасында жарыяланды. Тиешелүү токтом өкмөттүн расмий сайтына да жайгаштырылган.

Эмгек министрлигинин мекемелер аралык комиссиясынын билдирүүсүнө таянсак, визанын негизинде Орусияга келген чет элдик жумушчуларга болгон муктаждык 20 пайызга азайган. Ошол эле маалда кесипкөй жумушчуларга суроо-талап дале жогору.

Буга чейин Федералдык миграциялык кызматы экономикалык каатчылыкка жана рублдин наркы арзандаганына карабастан, мигранттар агымы азайбаганын маалымдаган. Быйыл Орусияга 16 миллионго жакын мигрант кирген. Алардын көпчүлүгү КМШ жарандары.

XS
SM
MD
LG