Ссылки доступа

Кытай мандаринин Кыргызстандын азыгы катары Орусияга киргизүү аракети көрүлдү 


Орусия кытай продукциясын Кыргызстандын азыгы катары сатуу өнөкөткө айланганын билдирүүдө.

Бул тууралуу Фитосанитардык көзөмөлдөө жана ветеринария боюнча федералдык кызматтын сайтында жазылган.

Маалыматка караганда, быйыл 11-декабрда Кыргызстандан берилген фитосанитардык сертификат менен 40 тонна мандаринди Орусияга киргизүү аракети көрүлүп, бирок текшерүү учурунда шектүү жагдайлар байкалган. Жер-жемиш Кытайда өстүрүлгөн болушу мүмкүндүгү жоромолдонгон. Мындан тышкары Кыргызстандын документинде көрсөтүлгөн маалыматтар дакүмөндүү экени айтылууда.

Сертификат боюнча, Москвадагы фирмалардын бирине мандарин Ростов-на-Дону аймагындагы өткөрмө бекети аркылуу жеткирилмек. Продукцияга Кыргызстандын айыл чарба министрлигинин алдындагы инспекцияда фитосанитардык текшерүү өткөрүлүп, Орусияга киргизүүгө уруксат берилген. Федералдык кызмат бул көрүнүшкө кабатырлануу билдирип жатат. Анткени,Кытай товарлары фитосанитардык жактан кооптуу деп эсептелерин эске салды.

XS
SM
MD
LG