Ссылки доступа

Жон Керри Москвада Путин баштаган аткаминерлер менен жолукту


Жон Керри менен Владимир Путиндин Москвадагы кездешүүсү учурунда Сириядагы абалды жөнгө салууга салым кошуу боюнча орток пикир табылганы кабарланды.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвага 15-декабрда келди. Анын президент Владимир Путин баштаган орус бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүнүн негизги маселеси - Сирия кризиси болду.

Тараптар бул өлкөдөгү жарандык согушту токтотуп, саясий жараянга өтүү жолдору боюнча “орток таяныч” табууга аракеттенгени белгиленди.

Москва менен Вашингтон негизги бөлүгү жабык өткөн сүйлөшүүлөрдө талкуулаган маселелердин айрым өңүттөрүн эки өлкөнүн тышкы саясий мекеме жетекчилери шейшемби күнкү басма сөз жыйында учкай маалымдашты.

XS
SM
MD
LG