Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө акча алмаштыруу жайдын кызматкери асынып алды


Дүйшөмбүдөгү «Фаровон» базарында жайгашкан акча алмаштыруу жайдын кызматкери Алихон Азимовдун сөөгү Рудаки районунда, өз үйүндө асынган жеринен табылды.

Маркумдун туугандары анын өлүмүнө 120 миң сомони айып пул түрткү бергенин айтып жатышат.

Ал аталган акча алмаштыруучу жайда 8 жылдан бери иштеп келген.

Тажикстандын Улуттук банкы ноябрдын аягында доллардын наркы кескин көтөрүлгөндөн кийин бардык акча алмаштыруу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алган.

Анда иштеген 60 жакын адам 12-декабрда Улуттук банктын алдына чогулушуп, өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып чыгышкан.

Банктын жетекчилиги алар менен жолугуп, алмаштыруу жайлар жаңы жылдан кийин ачылышы мүмкүндүгүн билдирген. Бийлик бул окуя боюнча эч кандай пикир айта элек.

XS
SM
MD
LG