Бээжиндин мыйзамсыз капиталы 140 миллиарда доллар деп эсептелди. Мексика 52,8 миллиард доллар менен үчүнчү орунда турат. Жыл сайын Орусия аталган уюмдун тизмесинде алдыңкы он мамлекеттин катарына кирет.2008-жылдагы иликтөө боюнча 107,8 млрд, 2011-жылы 183,5 млрд доллар менен алдыга чыккан.
GFI – Эл аралык саясат боюнча америкалык борбордун программасы. Ал мыйзамсыз акча которууларды иликтеп, мунун алдын алуу чараларын иштеп чыгуу менен алектенет.