Ал Париж менен Калифорнияда болуп өткөн теракттар жана АКШ президенттигине талапкер Доналд Трамптын мусулмандарды киргизбөө сунушунан улам, ислам дининдегилер куугунтуктоого кабылышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.
“Facebookта катталган бардык мусулмандарга айтарым: биз силердин укугуңар үчүн дайым күрөшөбүз. Биз тынч жана коопсуз абалды түзүүгө аракет кылабыз”, - деп жазган Цукерберг.