Капиностун айтуусунда, 2014-жылы көмүскө экономиканын деңгээли 48 пайызгажетип, 143,6 миллиард сомду түздү. Салыктын жогору болгону, жемкорлук жана ачык эмес мыйзамдардан улам ишкерлер жашыруун иш жүргүзүп жатышат. Эгемендик алгандан бери көмүскө экономиканын кесепетинен өлкө казынасына алты миллиард долларга жакын каражат түшпөй калган. Бул акчанын жарымы мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө жетмек.
Кыргызстанда көмүскө экономиканын эн жогорку көрсөткүчү 1998-2001-жылдарга туш келет. Ал кезде мыйзамсыз өндүрүш ички дүң продукциянын 58 пайызын түзгөнү иликтөөлөрдө айтылат.