Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева мекеме жетекчилери менен өткөргөн жыйында белгилүү болду. Анда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги келерки жылга 75 иш-чарадан турган тизмени сунуштады.
Өкмөт башчынын орун басары аларды иргеп, эгемендиктин 25 жылдыгы, Жусуп Баласагындын 1000 жана Үркүндүн 100 жылдыгы сыяктуу жалпы улуттук маанидегилерин гана тандап алуу керектигин айтты.