Ссылки доступа

Бердымухамедов: Түркмөнстан бейтараптуулукту сактайт


Ашхабадда Түркмөнстандын калыстык макамына ээ болгондугунун 20 жылдыгына байланыштуу аксакалдар кеңеши өттү.

Жыйынга төрагалык кылган президент Гурбангулы Бердымухамедовөз өлкөсү аскерий блоктордо, эл аралык бирикмелерге мүчө болбой турганын билдирди. Анын айтуусунда, Түркмөнстан мындан ары да чет өлкөлүк аскер базаларын мамлекетте жайгаштырбайт жана башка өлкөлөргө жарыяланган экономикалык курчоолорго катышпайт.

БУУнун “Түркмөнстандын бейтараптуулугу” тууралуу резолюциясы 1995-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG