Эл аралык “Тынчыкты жана согушту чагылдыруу институту” (IWPR ) уюштурган жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда ишмердик жүргүзүп жаткан дин аалымдары, серепчилер жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып жатат.
Анда аймактагы жагдай өз-өзүнчө талдоого алынып жана экстремизм темасын чагылдырып жүргөн журналисттерге окуулар уюштурулат. Соңунда катышуучулардын ой-пикирлеринин негизинде атайын сунуштама даярдалып, тийиштүү органдарга берилет.
Уюштуруучулар маалымдагандай, иш-чарага каржылык колдоону Норвегия өкмөтү жана Европа кеңеши берүүдө.
Серепчилер Борбор Азияда, анын ичинде Фергана өрөөнүндө диний радикалдашуу курчуп баратканын эскертип келишет.