60 миллион доллар Тажикстандын жеке секторун жакшыртуу, инвестиция тартуу,экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытындагы программанын биринчи баскычынын алкагында бөлүнүүдө.
Программа ишкердикти колдоого багытталып, үч бөлүктөн турат. Анын алкагында каржылоо 2019-жылы аяктоого тийиш.
Тажикстан Азия өнүгүү банкына 1998-жылдан бери мүчө. Ошондон бери жеңилдетилген насыя, грант, техникалык жардам иретинде көрсөтүлгөн жалпы жардамдын көлөмү 1,4 миллиард долларга жетти.