Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик киреше комитетинин башчысы Даулет Ергожин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Түркиядан Орусиянын аймагы аркылуу транзиттик жол менен келе жаткан ондогон жүк ташуучу унаалар 25-ноябрдан бери орус-грузин чек арасындагы "Жогорку Ларс-Казбек", орус-украин чек арасындагы "Троебортное-Крупец" бекеттеринде турат.
Стамбулдагы "UBS-Стамбул" эл аралык жүк ташуучу компаниянын башчысы Каныбек Осмонов да төрт күндөн бери Орусия менен Грузиянын чек арасындагы "Жогорку Ларс-Казбек" өткөрмө пунктунда Кыргызстанга жана Казакстанга жүк тартып келе жаткан унааларды өткөрбөй жатышканын "Азаттыкка" айткан.
28-ноябрда Орусия президенти Владимир Путин Түркиядан ташылган товарларга чектөө киргизген жарлыкка кол койгон. Бул 24-ноябрда орусиялык Су-24 аскер учагы Түркия-Сирия чек арасында түрктөр тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин жооп чара катары киргизилген. Ошондой бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат.