Кыргыз тараптан делегацияны аталган мекеменин төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев, Өзбекстандын өкүлдөрүн чек ара кошуунунун кол башчысы Рустам Эминжанов жетектөөдө.
Анда чек араны кайтаруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер, кийинки жылга карата кызматташтыктын негизги багыттары тууралуу кеп козголууда.
Тараптар дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү оор кырдаалдарды эске алуу менен ар кандай коркунучтарга каршы туруу үчүн биргелешкен иш-чаралардын топтомун иштеп чыгышат.