Ссылки доступа

Кыргызстан көк бөрү менен айтыш өнөрүн ЮНЕСКОго киргизүүнү сунуштады


Өлкө улуттук көк бөрү оюну менен айтыш чеберчилигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине каттаттууну көздөөдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы маалымдады. «Айтыш» өнөрүн каттоо сунушу Казакстан менен чогу берилди.

30-ноябрдан 4-декабрга чейин Намибиянын Виндхук шаарында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөт аралык комитетинин жыйыны өтүүдө.

Бул жылы тез арада коргоого муктаж 8 арыз каралат. Ошондой эле адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын катарына 35 сунушту киргизүү маселеси талкууланат. Кыргызстан аталган комитетке 2012-жылы төрт жылдык мөөнөт менен мүчө болгон.

XS
SM
MD
LG