Ссылки доступа

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия ГЭСтер маселесин карап жатат


Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу маселесин жабык талкуулоодо. Комиссия бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишин баштады.

Жыйында энергетика, Камбарата -1 ГЭСин, Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоору, өнөр жай, мунай, газ, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү багыты, жалпысынан 18 маселе талкууланууда.Кыргыз тараптан комиссияны премьер-министр Темир Сариев, экинчи тараптын делегациясын Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектейт.

Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Валерий Диль "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын каржылоо планын аткарбай жаткандыктан, куруу мөөнөтү кечеңдеп жатканын айткан.

Жогорку Нарында ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. Курулушту Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы менен “Русгидро” компаниясы бирге жүргүзүүдө. Долбоорду толугу менен Орусия каржылайт. Жогорку Нарын каскадына Ак-Булуң, Нарын-1, 2 ,3 ГЭСтери кирет.

XS
SM
MD
LG