Ссылки доступа

АКШ: НАТОнун кеңейиши Орусияга коркунуч жаратпайт


Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри шаршембиде Черногория НАТОго кошулуу үчүн расмий чакырык алгандан кийин өткөн маалымат жыйында билдирди.

Мамлекеттик катчы НАТОнун кеңейиши Орусияга жана башка мамлекеттерге каршы багытталбаганын, альянс эч кимге коркунуч алып келбей турганын билдирди.

Орус бийлиги Черногориянын соңку кадамын кыжырдануу менен кабыл алып, эгерде ал аталган аскердик биримдикке кирсе, биргелешкен программалардан баш тартарын жарыялады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков НАТОнун бардык жерде өз таасирин күчөтүү аракети орусиялык коопсуздукту камсыздоого кедерги тийгизиши мүмкүн экенин, Кремл буга жооп кайтарууга аргасыз болорун айтты.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кечээ Брюсселде Черногориянын альянска кошулуусун расмий ырастап, чакыруу жолдонгон. 600 миң калкы бар Черногория уюмга 2017-жылда кириши ыктымал. Ошентип, Европанын түштүк-чыгышындагы эң чакан өлкөлөрдүн бири НАТОнун жыйырма тогузунчу мүчөсүнө айланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG