Ссылки доступа

Черногория НАТОнун курамына кирет


Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Черногориянын Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүбоюнча сүйлошүүлөрдү баштоону макулдашты.

Бул тууралуу НАТОнун жетекчиси Йенс Столтенберг билдирип, Черногорияны азыртан эле куттуктады.

Ошентип, 600 миң калкы бар Черногория НАТОнун 29-мүчөсүнө айланмакчы. Орусия буга каршылык билдирип келет. Кремл республиканын мындай кадамын чагым катары эсептей турганын айткан болчу. Уюмдун катары акыркы жолу 2009-жылы Албания менен Хорватиянын кошулуусу менен кеңейген.

XS
SM
MD
LG