Ссылки доступа

Ереванда шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүүнү талап кылышууда (видео)


Армениянын борборунда оппозициянын конституциялык реформага каршы акциясы өтүүдө.

Аны “Жаңы Армения” улуттук-боштондук фронту уюштурган. Буга чейин аталган бирикме 1-декабрдан тартып мөөнөтсүз каршылык акцияларын баштай турганын жарыялаган. Алар мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоону өткөзүү талабы аткарылмайынча, акция улана берерин айтып жатышат. Митингке миңдеген адамдар катышууда.

Арменияда 6-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Анда президенттик башкаруудан баш тартып, өкмөт башчынын бийлигин бекемдөө боюнча демилгеге эл өз пикирин билдирет.

Оппозиция өлкө башчы Серж Саргсян реформа аркылуу 2018-жылы мөөнөтү бүткөндөн кийин премьер-министр болуп бийликте калгысы келет, деп нааразы болууда.

http://www.centralasian.org/media/video/27401154.html

XS
SM
MD
LG