Таганрогдун 1985-жылы туулган тургуну 2003-жылы аскерге чакырылып, жарым аралдын аскердик бөлүктөрүнүн биринде милдетин өтөп жүргөн. Бир жылдан кийин качып кетип, натыйжада ага издөө жарыяланган. Бир нече айдан кийин качкын аскерди туугандары курман болгондордун арасынан таанып, издөө иштери токтотулган.
Кармалган аскер он эки жылдан бери токойлордо жашап, кез-кезде иштеп, акча таба калып, жан багып келгенин милицияга айтып берген. Ал туугандары менен байланышууга аракеттенген да эмес.