“Биз бул тууралуу өкмөткө дайым айтып, тартипти талап кылабыз. Мыйзамга ылайык, өлкө ичинде бир гана сом расмий төлөм каражаты болуп эсептелет. Экономиканын долларга байланышын терс фактор катары караса болот, ошон үчүн сомдук төлөмдөргө өтүү зарыл. Мындай кадам улуттук акчаны бекемдеп, долларды алсыздандырат”, - дейт Абдыгулов.
Кыргыз өкмөтү чет элдик валютага болгон көз карандылыкты азайтуу максатында атайын план иштеп жатат.