Эскертүү 5 мүнөт аралыгында ар бир 30 секундда кайталанганы, бирок орусиялык учкучтар аны кабыл албаганы көрсөтүлгөн.
Шаршембиде Су-24 учагынын штурманы Константин Мурахтин учкучтар түрктөрдөн эч кандай эскертүү албаганын, соккукүтүүсүз болгонун билдирген эле.
Орусиянын Су-24 согуштук учагы 24-ноябрда Түркия менен Сириянын чек арасындаF-16 истребители менен атып түшүрүлгөн.Орус бийлиги окуя Сириянын аймагында болгонун айтууда.Учкучтардын бири каза таап, экинчиси тирүү калды.
Түрк коргоо министри далил катары жарыялаган үн жазмада орусиялык Су-24 учагына өлкөнүн аба мейкиндигине жакындап келе жатканы тууралуу берилген эскертүүлөр жазылган.