Ссылки доступа

Бакуда Хадича Исмаилованын соту уланууда


Бакунун аппеляциялык сотунда “Азаттыктын” азери кызматынын журналисти Хадича Исмаиловага байланышкан иш каралып жатат. Жараянга судья Илгар Мургузов төрагалык кылууда.

Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтегенИсмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деп айыптын негизинде быйыл 1-сентябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган.

Ал өзүнө коюлган айыптоолор негизсиз экенин билдирип, соттун чечиминкесиптик ишмердүүлүк менен байланыштырып жатат. Аппеляциялык доо-арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган. Актоочулар кылмыш ишин жаап, журналистти боштондукка чыгарууталабын коюшууда.

Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Хадича Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныды.

XS
SM
MD
LG