Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ, Аль-Каида, Боко Харам жана башка экстремисттик уюмдар бир катар аймактарда террордук чабуулдарды максат кылып жатат деген божомол бар экени айтылган.
Өзгөчө даярдык абалы 2016-жылдын 24-февралына чейин сактала турганы кошумчаланган.
Соңку бир нече ай ичинде куралчан топтор Орусия, Франция,Дания, Мали, Нигерия жана Түркия өңдүү бир катар өлкөлөрдү бутага алышканын жарыялашкан.