Эргешевдинтуугандары коюлган айыпты четке кагып жатышат. Алардын айтымында, Мухаммадризонун телефонунан бир нече порнографиялык видеотасмалар табылган деген укук коргоо органдарынын айткандары чындыкка ылайык келбейт. Ошондой эле мугалимдин камакка алынышынэлектр жарыгынын өчүрүлүп жатышына нааразылык билдиргени менен байланыштырууда.
Укук коргоо органдары бул боюнча азырынча маалымат бере элек.
Мухаммадризо Эргешев 19-октябрда жарыктын жоктугуна байланыштууэлектрстанцияга арыз менен кайрылган. Андан кийин милиция кызматкерлери аны камакка алышып,5 күначка кармашкан.
Өзбекстандын айылдарында электр жарыгын күн сайын 2-3 саатка эле берүү өнөкөткө айланганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашууда.