Алдын-ала маалыматтарга караганда, милиция кызматкери велосипед уурдап бараткан жарандарды кармап, башка кызматкерлерди жардамга чакырган учурда кол салууга туш болгон. Кылмышка шектүү 2 жаран Абдувалиевге карата 4-5 жолу ок чыгарып, акыркысын чекеге аткан. Кылмышкерлердин огунан курман болгон Актилек Абдувалиев 27 жашта болчу.
Табылган октор Макаров үлгүсүндөгү тапанчаныкы экени айтылууда.