Иманкул Телтаев кызматына шалаакы мамилеси, өткөн айда камактан тогуз киши качып кеткени жана абак кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн кызматтан алынган эле. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11-ноябрь күнү бир айга тергөө абагына камалган болчу.
№50 абакта отурган тогуз адам 12-октябрга караган түнү абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кетишкен. Аларды кармоо операциясы 10 күнгө уланган. Качкандардын алтоо жок кылынып, үчөө учурда камакта отурат.