Операция маалында кеминде 5 полиция кызматкери набыт кеткен. Атышуу Кытайдын батышындагы, негизинен уйгурлар отурукташкан Шинжаң провинциясында болду.
20-ноябрда аймактын администрациясынын расмий сайтында пайда болгон кабарга караганда, экстремисттер 18-сентябрда бычак менен Аску аймагындагы Соган шахтысына кол салган, деп шектелип жатышкан. Анда 11 жай тургун, 5 полиция кызматкери өлтүрүлгөн. Бул маалыматты мамлекеттик “Xinjiang Daily” басылмасы да ырастады.
Шинжаң-Уйгур автоном облусун жердеген уйгур азчылыгын Кытай бийлиги аймактагы терроризмге жана сепаратизмге күнөөлөп келет. Ал эми уйгур активисттери Бээжин аларды жок жерден каралап, катаал саясат жүргүзүп жатканына даттанышат.