Ссылки доступа

Кыргызстандык көз боемочулар Францияда сыйлык алышты


Кыргызстандык иллюзионистер Радислав Сафин менен Ольга Крамер эл аралык деңгээлде ийгиликке жетишти. Бул жолу алар Франциядаөткөн сынакта “Трофея Робер-Удена” аттуу белдүү сыйлыктын ээси болушту.

Алар "Шелковый путь" деп аталган сейрек кездешүүчү этникалык номурду тартуулашты. Ал "Быстрое изменение" жанрында аткарылып, кыргызстандыктар саналуу көз ирмемдесахнада 10 костюм которгонго жетишти.

«Биздин аракетибиз жакшы жыйынтыкка алып келгениабдан кубандырат», - дейт Радислав Сафин.

XS
SM
MD
LG