Ссылки доступа

Кыргызстанда ар бир министрге жеке сектор менен кызматташтыкты өнүктүрүү тапшырмасы берилди


​Келээрки жылы ар бир министр жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жеке сектор менен өнөктөш болуп, 3 долбоорду жүзөгө ашырууга тийиш.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов мамлекет менен менчиктин өнөктөштүгү тууралуу мыйзам долбооруна байланышкан жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, жеке сектор менен биргелешкен пайдалуу долбоорлор жакын арада ишке ашырылат.

Панкратов министрлик менен мекемелерге муну көзөмөлдөгөн жооптуу кызматкерди бекитүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG