Тажикстан парламенти террорчулук менен күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун кароого киришти. Ага ылайык, террорчуларды кармоо же жок кылуу операциялары маалында белгилүү бир аймакта же бүтүндөй өлкөдө уюлдук байланыш менен интернетке чектөө киргизилет.
Кыргызстандын күч түзүмдөрү да премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен стратегиялык жана социалдык жайларда, ири соода түйүндөрүндө коопсуздукту камсыздоонун үстүндө иштөөдө.
Астана Эл аралык аба майданында да текшерүү күчөдү. Бул аракеттер Франциядагы кол салуулар жана жардырууларга байланыштуу. Париждеги 13-ноябрда болгон окуяларда 132 адам каза таап, 300дөн ашууну жараат алды.Теракттар үчүн өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топ жоопкерчилик алды.