Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, ага бийлик өкүлдөрү да катышып, кино тармагында ийгиликке жетишкендерге ардак наамдар ыйгарылат жана сыйлыктар тапшырылат.
1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе шаарында кинохроника студиясы түзүлгөн. Андан бери бул дата Кыргыз киносунун күнү катары белгиленип келет.