Аба майданда текшерүүчү атайын жабдыктар орнотулду. Бардык жүргүнчүлөр жана аларды узатып, тосуп алган жарандар, аэропортто иштегендер да андан өтүүгө тийиш. Текшерүү күнү-түнү жүргүзүлөт.
Мындан улам аба майдандын жетекчилиги эл аралык каттамдарга билет алган жарандарды үч саат, Казакстандын аймагына бара тургандарды эки саат эрте келүүгө чакырат.