Кабарларга караганда, Тарыхчиев кол астындагы кызматкер менен чырдашып, анын башына бир канча жолу травматикалык тапанча менен атып салган. Окуя 13-ноябрда болгонун, жабырлануучу азыр ооруканада экенин анын жакындары кабарлашкан.
- Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө комиссиясы түзүлүп, Жалал-Абад облусуна жөнөп кетишти. Чоо-жайын изилдешип, анын жыйынтыгы менен Тарыхчиевге конкреттүү чечим кабыл алынат,- деди Эржигитов.
Базар-Коргон райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орунбасары Канатбек Аскарбеков факт боюнча кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” маалымдады.