Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобу Вашингтонду опузалай баштады


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ дүйшөмбүдө Интернетке кезектеги видеотасманы жайгаштырып, Вашингтондо да Париждегидей кан төгүүлөр боло турганын эскертти.

12 мүнөттүк видеодо согушкерлердин бири АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн “Ислам мамлекети” уюмуна каршы Ирактагы чабуулдарына жооп иретинде Батыш бутага алынарын айткан.

Аталган радикал топ 13-ноябрда 130га чукул адамдын өмүрүн алган Париждеги кол салуулар жана жардыруулар үчүн жоопкерчилик алды.

Мындан мурда Мисирде 224 адамдын өлүмү менен коштолгон аба кырсыгы да атайын уюштурулганын маалымдашкан.

Өткөн аптада “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Сирияда аскердик операция жүргүзүп жаткан Орусияга каршы теракттар жакын арада жүзөгө ашырыла турганын жарыялашкан эле.

XS
SM
MD
LG