Сапар учурунда эки өлкөнү туташтыра турган газ кууру тууралуу сөз болот. Түркмөнстан-Кытай кууруна Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан аркылуу өтчү 3 газ түтүктөрү камтылмакчы.
Түркмөн маалымат каражаттары аны “21-кылымдын эбегейсиз долбоору” деп аташууда. Кытай түркмөн газын сатып алуучу ири потенациалдуу кардар болуп эсептелет.
Ошол эле маалда 7-ноябрда Бердимухамедов мамлекеттик ишканаларга Ооганстан жана Пакистан аймактарын аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган куурдун курулушун баштоо буйругун берген.