Басылманын 11-ноябрда чыккан саны“тарыхый жылдагы тарыхый окуя” катары бааланууда, анткени 2015-жылы АКШ Жогорку Соту бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү түзгөнгө уруксат берген.
АКШ башчысынын айтымында, баардык жарандар тең болуш керек. “Ал ким болсо дагы америкалык кыялдан четте калбаоого тийиш”, - дейт Обама.
Буга чейин Кентукки штатынын аткаминери Ким Дэвис жаңы мыйзам чыкканына карабай, бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү каттоодон баш тарткан.
Аткаминердин мындай кадамдарына Америка президенти жооп берди.
“Мен Кудайга ишенген адаммын, мен диний эркиндикти сыйлайм. Бирок бүгүн адамдар өзүнүн диний көз-карашын мыйзамдан өйдө кое албайт”, - дейт Барак Обама.